• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Twitter’дин негиздөөчүсү былтыр 1 доллар 40 цент өлчөмүндө айлык алган

Дүйнө 0

Бишкек, 09.04.19 /Кабар/. Twitter компаниясынын башкы директору Жек Дорсинин 2018-жылындагы айлыгы 1 доллар 40 центти түзгөн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жек Дорси биринчи айлыгын бул кызматка кайтып келгенде, 4 жыл мурун алган. 2015-жылдан тарта ал айлык акыдан өз ыктыяры менен баш тартып, аны “компаниянын келечегине болгон ишеними жана компаниянын баалуулугу” менен түшүндүргөн.

Компаниянын документтеринде жазылган бул сумма, 2006-жылы бул социалдык түйүндө билдирме жөнөтүүдө орнотулган 140 белгиге барабар. 2017-жылы бул белгилер эки эсе көбөйтүлүп, 280ди түзгөн. Бирок ага байланыштуу келечекте Дорсинин айлык акысы көтөрүлөбү же жокбу белгисиз.

Жек Патрик Дорси – америкалык ишкер, Twitter жана Square компанияларынын негиздөөчүсү. Forbes журналынын рейтинги боюнча 2019-жылдын январь айында анын байлыгы 5,5 млрд. АКШ долларын түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий