• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Ты супер!» сынагы: Урмат үчүн 26 миң добуш

Маданият 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. 12 жашар Урмат Мырсаканов жана россиялык Дарья Кабаненко менен Владимир Климовский Sputnik Кыргызстан порталындагы онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча “Ты супер!” музыкалык телешоусунун эң белгилүү катышуучулары болуп калышты. Жалпысынан аларга 100 000 добуш берилсе, анын 26 миңи Кыргызстандын жашоочусу Урматка берилген. Урмат Кыргыз Республикасынын атынан НТВ телеканалы менен Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун биргелешкен долбоору “Ты супер!” музыкалык сынагына катышкан жалгыз катышуучу. Урматка Sputnik Кыргызстан порталында жана соцтармактарда добуш берүүгө болот.

Белгилүү аткаруучу Адам Ламберттин “Шоуга кош келиңиз” (Welcome to the show) ырын аткарып Урмат Мырсаканов “Ты супер!” сынагынын кийинки баскычына өттү. Онлайн добуш берүү боюнча эң көп добуш топтогон КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн 3 эң мыкты катышуучусу Sputnik радиосуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

НТВ телеканалы менен Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун биргелешкен долбоору “Ты супер!” музыкалык сынагы ата-энесинин кароосуз калган таланттуу балдарга өнөрүн өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Анын катышуучулары Россия жана мурдагы совет өлкөлөрүнүн вокалисттери. Sputnik Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Эстония жана Түштүк Осетияда жаш таланттарды издеп келген.

Пикир

Оставить комментарий