• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ты супер!” сынагынын катышуучусу У.Мырсаканов КР футболчулары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13-апрель /Роман Гайнанов – Кабар/. КР футбол федерациясы “Ты супер!” сынагынын катышуучусу 12 жашар Урмат Мырсаканов менен КР Улуттук курама командасынын футболчуларынын жолдоштук жолугушуусун уюштурду.

Жолугушуу Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. КР ФФ башкы катчысы Медербек Сыдыков Урматка футболдук топ жана атайын форманы тапшырды.

“Урмат, сени менен чексиз сыймыктанам. Сен мындай деңгээлдеги сынакта өлкөбүздү татыктуу көрсөттүң. Таланттуусуң, дагы чоң жеңиштер али алдыда. Кыялыңа карай умтул. Сенин футболду жакшы көрүшүң – жагымдуу маанай тартуулайт. Футбол - командалык оюн, сен эми команданын бир бөлүгүсүң, сен биздин 12-оюнчубузсуң”, -деди М.Сыдыков.

Жолугушуу өспүрүм мыкты оюн көрсөткөн курама команданын футболчулары жана Урматтын кыска оюну менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий