• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Тыйындарды» албаган «Глобус», «Фрунзе» гипермаркеттерине жана «Фаиза» кафесине айып салынды

Коом 0

Бишкек, 12.01.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. «Глобус», «Фрунзе» гипермаркеттеринин жана «Фаиза» кафесинин кызматкерлери 500 сомдон 3000 сомго чейинки айып салынды.

Улуттук банктан билдиришкендей, бул жайлардын кызматкерлери товар үчүн төлөөдө 10 жана 50 тыйын номиналындагы сом тыйындарды албай, бир катар мыйзам беренелерин бузуп келишкен.

Сом Кыргызстандын аймагындагы жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Ал бардык төлөм жүргүзүү түрлөрү боюнча чыккан жылына жана номиналына карабастан чектөөсүз милдеттүү кабыл алынуусу кажет.

Пикир

Оставить комментарий