• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Тынчтык болбойт!” Кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун чакан контингентин киргизүү айтылды

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолукканын айтты.

“Мен ага Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тынчтык болбой турганын айттым. Эмнеге? Анткени кыргыз тараптын өз чындыгы, тажиктердин өздөрүнүн чындыгы бар. Биздин ортобуздагы талаш тилкелерде ЖККУнун чакан контингенти үч маселени: ок атышууну токтотуу боюнча көзөмөл, чек арадан оор техниканы алып кетүүнү чечсе, анда үчүнчү саясий (делимитация) маселени чечсе болот. Ал маселе 30 жылдан бери эмес, 98 жылдан бери келе жатат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий