• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тыныбекова баштаган спортчулар Азия чемпионатына катышууга Индияга барды

Спорт 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-февралда дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова баштаган эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Индиянын Нью-Дели шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кабарлайт.

Индира Ганди атындагы Эл аралык аэропортто кыргыз спортсмендерин КРнын Индиядагы элчиси А.Исаев, элчиликтин кызматкерлери, кыргыз диаспорасынын, ошондой эле Индиянын Күрөш федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Кыргызстандын спорт делегациясы 2020-жылдын 18-23-февралында өтө турган Азия чемпионатына катышат.

Турнирдин ачылышы бүгүн, 18-февралда, «KD Jadhav Hall of Indira Gandhi» стадионунда өтөт.

Аялдар арасында эркин күрөш боюнча мелдештер 20-21-февралда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий