• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тыныбекова дүйнө балбандарынын арасынан төртүнчү орунда турат

Спорт 0

Бишкек, 12.08.17. /Кабар/. Азия жана Кыргызстандын чемпиону Айсулуу Тыныбекова 58 кг чейинки дүйнө балбандарынын арасында төртүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш бирикмесинин жаңыртылган рейтингинде көрсөтүлгөн. Рейтинг 10-августта бир катар эл аралык турнирлердин жыйынтыгынан кийин жарыяланган.

Буга чейинки рейтинг боюнча Тыныбекова үчүнчү орунда болчу. Жай мезгилинин башында Айсулуу Тыныбекова аялдардын арасында Азия чемпиону болгон. Ошондой эле, Ислам мамлекеттеринин тилектештик оюндарында алтын медаль тагынган.

Дагы бир Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы август айында жаштардын арасында биринчиликти алып, мыктылардын рейтингинде 18-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий