• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тыныбекова: «Манас» ордени — өтө чоң жоопкерчилик

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда бүгүн мамлекет башчысы тарабынан ыйгарылган II даражадагы «Манас» ордени — өтө чоң жоопкерчилик экендигин айткан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-августта, XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды.

«Урматтуу достор!

Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирээт бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз!

Мага II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик!

Мындан сырткары, 10 млн сомдук сертификатка ээ болдук.

Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз Садыр Жапаров бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!», - деп жазган Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырса, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Кыргызстандан ХХХII жайкы Олимпиада оюндарына 16 спортчу барган.

Пикир

Оставить комментарий