• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тыныбекова жаңы спорт зал боюнча: Ушул жерде Париж Олимпиадасына даярданууга мүмкүнчүлүк болот деп үмүттөнөм

Спорт 0

Бишкек, 29.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Бишкектеги кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы үчүн спорт залдын курулушун баштоого капсула салуу аземине катышты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-апрелде, Садыр Жапаров кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спорт залдын курулушун баштоо үчүн капсула салды.

Тыныбекова көп жылдар бою кыз-келиндер күрөшү боюнча команданын өзүнүн залы жок болуп, башка залдарда машыгууга аргасыз болуп келгенин жазат.

“Баарыңыздар байкагандай жыл сайын кыз-келиндер күрөшүнүн популярдуулугу өсүүдө. Биз медаль алып келген ар бир мелдештен кийин машыгууну каалагандардын саны көп. Буюрса, зал салынып бүтсө жаш муундарга тажрыйбабызды бөлүшө турган жайга айланат деп үмүттөнөм. Бул кыргыз спорту үчүн маанилүү окуя. Мамлекетибизге, өзгөчө президент Садыр Нургожоевичке спортту өнүктүрүүгө, заманбап спорттук инфраструктуранын курулушуна, спортчулардын машыгуу шарттарын жакшыртуу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирем”, - деп жазат спортчу кыз.

Айсулуу Тыныбекова ушул жаңы залда Париждеги Олимпиада оюндарына даярданууга мүмкүнчүлүк болоруна үмүттөнөрүн жазды.

“Ошондой эле Кыргызстанды дүйнөгө даңазалаган жаңы муундагы чемпиондор тарбияланып чыгарына ишенем”, - деп билдирүү калтырган Тыныбекова.

Пикир

Оставить комментарий