• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тыныгуудан кийин ишин баштаган Калкты тейлөө борборлору бир күндө 9 миңге жакын адамды тейледи

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Дээрлик үч айдай тыныгуудан кийин ишин кайрадан жанданткан Калкты тейлөө борборлору (КТБ) алгачкы иш күнүндө 9 миңге жакын адамды тейлеген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандардын дээрлик 75%ы чет өлкөлүк жарандарды каттоо кызматына кайрылышкан.

ММКдан кабарлашкандай, Бишкек шаарында элдин көп чогулганы байкалган, мында болжол менен ири Калкты тейлөө борборлору 1000 - 2000 миңдей адамды кабыл алган.

Алсак;

- 1 КТБ ( 12-кичирайону, Нуркамал көч. 29 ) - 865 адам.

- 2 КТБ (Ч.Валиханов 2) - 1900 адам.

- 3 КТБ (Жаш Гвардия бул. 4) - 1700 адам.

- 4 КТБ (Ауэзов көч. 1/5) - 700 адам.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында дагы кошумча эки жаңы КТБ ачылган, алар да дээрлик 700 адамга кызмат көрсөткөн.

"Элдер негизинен эртең мененки саат 9:00дөн тартып келип жатышты, ал эми саат 14:00дөн тарта кайрылган калктын саны бир аз солгундады. Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери тынымсыз иштеп жатышты", - деп айтылат маалыматта.

Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы КТБ дээрлик 800 адамга өз кызматтарын көрсөткөн. Ал эми ӨА режими киргизилбеген башка аймактарда КТБлар штаттык режимде иштеп жатат. Күнүнө 200гө жакын жаран кайрылат (Баткен, Талас, Өзгөн, Нарын шаарлары). Ош жана Жалал-Абад сыяктуу калк жыш жайгашкан облустарда орточо эсеп менен күнүнө 500дөй адам Калкты тейлөө борборлоруна келет.

"Баардык КТБларда жумуш республикалык штаб тарабынан көрсөтүлгөн санитардык нормаларды так сактоо менен башталды. Кызматкерлердин баардыгы беткап, кол кап жана антисептикалык каражаттар менен камсыз болгон. Оператор менен жарандардын ортосунда аралык сакталууда. Имараттын ичинде тынымсыз негизде хлор менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий