• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тышкы иштер министри Айдарбеков Венгриядагы мекендештер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Кечээ, 1-майда КР Тышкы иштер министри Айдарбеков Венгриядагы мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр өкмөт жана Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укуктарын коргоого багытталган иштери, мамлекеттик реформалар тууралуу маалымат берип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн приоритетүү багыттарын белгиледи.

"Өз кезегинде мекендештерибиз Айдарбековго өздөрүн кызыктырган ар кандай суроолорду берип, аларга жооп алышты. Мекендештерибизди кызыктырган суроолор: КР жарандарын жумушка орноштуруу, эмгек визасын алуу, пенсия жаатында эл аралык кызматташтык, Венгрияда билим алуу сыяктуу маселелер болду", - деп билдиришти ведомстводон.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Бакыт Жусупов жана Кыргызстандын Венгриядагы Ардактуу консулу Эндре Эрдош катышты.

Пикир

Оставить комментарий