• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Тышкы иштер министри Казакбаев ЕККУ/ДИАУБ миссиясынын башчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 19-январда ЕККУ/ДИАУБдун өлкөдөгү президенттик шайлоонун өткөрүү боюнча миссиясынын башчысы Тамаш Месерич менен жолукту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө болуп өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары жана ЕККУ/ДИАУБ президенттик шайлоосуна байкоо жүргүзүү боюнча миссиясынын алдын ала корутундулары талкууланды.

Тактап айтканда, министр Казакбаев миссиянын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн, ошондой эле Кыргызстандагы демократиялык процесстерди илгерилетүүдө ЕККУнун салттуу түрдөгү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүү боюнча Кыргызстан ЕККУ/ДИАУБ менен 29 жылдан бери кызматташып келе жаткандыгын белгилөө менен Тышкы иштер министрлигинин башчысы миссиянын алдын ала корутундуларынын объективдүүлүгүн жана ДИАУБдун сунуштарынын Кыргызстан үчүн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында маанилүү экендигин белгиледи.

Казакбаев эл аралык байкоочулар менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Кыргызстан бул өлкө үчүн эң маанилүү иш-чараны өткөрө алгандыгын жана андан ары кийинки маанилүүлүгү андан кем эмес өткөөл этаптарга: конституциялык реформага жана парламенттик шайлоого чогуу даярдануу керек экендигин канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде Тамаш Месерич кыргыз тарапка миссиянын жана анын мүчөлөрүнүн карантиндик оор мезгилдеги ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Месерич шайлоо жана референдум жакшы уюштурулгандыгын жана жалпысынан ири мыйзам бузуулар байкалбагандыгын баса белгиледи. Ал ДИАУБ Кыргызстандагы демократиялык процесстерди колдой бере тургандыгын билдирди.

Маалымдама: Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюро (ДИАУБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) негизги институттарынын бири. ДИАУБдун ишмердүүлүгү адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоону камсыз кылууга, демократиялык институттарды бекемдөөгө жана коргоого, мыйзамдуулук принцибин сактоого багытталган. Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 30-январынан бери ЕККУга мамлекеттик мүчө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий