• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тышкы иштер министри Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммитинин жыйынтыктары тууралуу

Саясат 0

Бишкек, 13.11.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өлкө Президенти Садыр Жапаров катышкан Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Руслан Казакбаевдин айтымында, Саммиттин эң маанилүү чечими Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин аталышын өзгөртүү жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) макамын жогорулатуу болду. «Бул дагы бир жолу 2009-жылы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңеши түзүлгөндөн бери ТМККны өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча ошондой эле Түрк кеңешин эл аралык уюмдун бардык көрсөткүчтөрүнө жооп берген түзүмгө айлантууга чоң иштер жасалды», - деди ал.

Тышкы иштер министри Кыргызстан үчүн кабыл алынган бир катар чечимдердин ичинен Инвестициялык фондду түзүү маанилүү экендигин белгиледи. «Түрк мамлекеттеринин инвестициялык фондун түзүү зарылдыгы жөнүндөгү идея жаңы эмес, 2014-жылдан бери биздин мамлекеттердин күн тартибинде. Акыркы жылдары бул багыттагы иштер байкаларлык күчөп, азыр ал үй сызыгына кирип жатат деп айтсак болот. Тиешелүү министрликтерге бул каржы институтун 2022-жылдын 1-сентябрына чейин түзүү тапшырмасы берилди. Белгилей кетсек, биз Инвестициялык фондду Бишкекке жайгаштырууну сунуштап жатабыз. Фонддун штаб-квартирасы биздин өлкөдө жайгашат деген үмүттөбүз жана бул багытта өнөктөштөрүбүз менен иштешүүгө даярбыз», - деди Тышкы иштер министри.

Мамлекет башчылары кол койгон башка маанилүү чечимдердин катарында: Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу макамын берүү, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө байкоочу статусун жана өнөктөш макамын берүүнүн критерийлерин аныктоо. Мунун мене, жакынкы келечекте Уюмда байкоочу статусуна же өнөктөш статусуна арыздарды кароо үчүн укуктук негиз түзүлдү. Бул маселе боюнча кол коюлган чечимдер Түрк мамлекеттери уюмунун кызыкдар өлкөлөр менен кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Руслан Казакбаев Түркмөнстандын Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу статусун алуусу менен эл аралык уюм бардык түрк тилдүү мамлекеттерди бириктире баштагандан бери толук кандуу болуп калганын кошумчалады.

Өзүнчө маанилүү чечим болуп «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» стратегиялык документин бекитүү саналат.

«Документти түзүү үчүн бардык ТМУ өлкөлөрүнүн эксперттик топтору тарабынан көп иштер аткарылды, алар Уюмду 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн этап-этабы менен программасын иштеп чыгышты», - деди Тышкы иштер министри.

Ошондой эле, Саммиттин алкагында Президент Садыр Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү: Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки жана көп тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

«Кийинки жылы бул мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Биз бир катар саясий, экономикалык жана маданий иш-чараларды пландаштырганбыз», - деп белгиледи Руслан Казакбаев.

Президент Садыр Жапаров өзүнчө ТМУ байкоочу өлкөсү – Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту.

«Акыркы жылдары бул өлкө менен мамилелер бардык багыттарда кеңейип, тереңдеп жатат. Мисалы, Будапештте Кыргызстандын элчилиги ачылды, Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фонду ачылды, анын уставдык капиталын 50 млн АКШ долларына жеткирүү пландалууда. Ошондой эле, Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги кеңейүүдө жана жакында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда биринчи авиакаттамды ачуунун үстүндө иштеп жатабыз”, - деди тышкы иштер министри Руслан Казакбаев.

Пикир

Оставить комментарий