• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тышкы иштер министри Кулубаев Анкарадагы Манастын эстелигине барды

Коом 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Кечээ, 17-августта КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга расмий сапарынын алкагында мэр Тургут Алтынок жана кыргыз элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин коштоосунда Анкара шаарындагы Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтында тургузулган Улуу Манастын эстелигине барды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, мэр Алтынок аянт боюнча узак эмес экскурсия жүргүзүп, эстеликтин тургузуу тарыхы жана хронологиясы, ошондой эле түрк элдеринин жалпы маданий баалуулуктарына таянуу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Түркиянын аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча айрым маселелер, Кечиөрен муниципалитетинин бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы талкууланды.

Министр Кулубаев мэрге кыргыз-түрк мамилелерин кеңейтүүгө жана борбор калаанын муниципалитетинде кыргыз тарыхынын жана маданиятынын эстелигин түбөлүккө калтырууга ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий