• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистандын элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2-ноябрда Пакистандын элчиси Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Пакистандын элчиси Казакбаевди министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктап, алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев өлкөдөгү кырдаал акырындык менен турукташып жаткандыгын, ошондой эле саясий процесстердин конституциялык талаага кайтып келиши тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, кыргыз өкмөтү мыйзамдардын негизинде чет элдик инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалы, келечеги жөнүндө пикир алмашышты жана саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө Кыргызстан менен Пакистан өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий