• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга иш сапары менен барат

Саясат 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрда Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр Казакбаев менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ортосунда эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий