• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тышкы иштер министринин жаңы орун басары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 09.06.18. /Кабар/. Азизбек Мадмаров КР Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

КР ТИМдин борбордук аппаратына Мадмаровду 4-июнда ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жана өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков тааныштырган.

Мадмаров КР ТИМ системасында ар кандай кызматтарда иштеген, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болгон.

Буга чейин Мадмаров КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн кырдаал-аналитикалык сектор башчысы кызматын ээлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий