• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргыздар үчүн АКШда "атайын квотанын" негизинде жумуш берилген жок

Коом 0

Бишкек, 31.01.19./Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарында “атайын коватынын” негизинде ишке орношуу тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акыркы мезгилдерде Интернетте (социалдык түйүндөр, мессенжерлер аркылуу) министрликтин линиясы аркылуу АКШга "атайын квотанын" негизинде жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү ачылганы жөнүндө маалыматтар тарап кеткен.

Аталган маалыматты тараткан алдамчылар виза ачып, ишке орноштуруу үчүн жарандардан 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча төлөөнү сурашат. Ошондой эле алар консул менен жолугушуу үчүн жумуш издеп жаткандар менен психологдор, котормочулар жана атайын адистер иштей тургандыктарын да айтып, убада беришет.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Интернет аркылуу тараган бул маалымат жалган экендигин расмий түрдө билдирет.

Андын тышкары ТИМ жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштурууга убада берген шек жараткан адамдарга жана компанияларга ишене бербөөгө чакырат.

АКШда жумушка орношуу боюнча маалыматтар менен Америка Кошмо Штаттарынын ички коопсуздук Департаментинин расмий сайтына төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий