• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тышкы иштер министрлиги дагы 10 өлкө менен визасыз тартип киргизүүнү сунуштоодо

Саясат 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров дагы 10 өлкө менен визасыз тартип киргизүүнү сунуштады. Бул сунушун ал өкмөттүн отуруму өтүп жатканда айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда визалык саясатты жакшыртуу керек. Учурда бизде 45 өлкө менен визалык макулдашуу бар. Бирок министрдин орун басары ал тизмени 55ге чейин көбөйтүүнү сунуштады.

"2017-жылы виза 41 миң 242 кишиге берилсе, 2018-жылы болгону 2 миң 600 берилген. Туризмди өнүктүрүү үчүн визасыз тартип боюнча дагы 10 өлкө менен макулдашууга жетишишибиз зарыл", - деди Мадмаров.

Ошондой эле ал электрондук визага көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анткени бүгүнкү күнү берилген 33 миң электрондук визанын 25 миңи туристтик болгон.

Пикир

Оставить комментарий