• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тышкы иштер министрлиги Ирактан КР жарандарын-балдарды репатриациялоо боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги айрым чет мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын жарандарынын репатриация болушуна карата маселени ачыктоо зарылдыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик органдар жетим балдарды жана ата-эненин камкордугунан айрылган балдарды багууну, тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат.

Ушуга байланыштуу ар түрдүү (төрөлгөндө ташталган, алардын өлүмүнүн же болбосо эркиндигинен ажыратылып соттолушунун арты менен ата-энелерин жоготкон) себептер боюнча чет мамлекеттерде ата-энесинин камкордугусуз калган Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарын репатриациялоо боюнча иш-чаралар ар дайымкы негизде жүргүзүлөт.

Гуманитардык мүнөздөгү репатриациялык иш-чаралар бир гана Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарына – өмүрү жана ден соолугу коркунучта турган жана мамлекет тарабынан корголууга укугу бар балдарга жайылтыларын баса белгилөө маанилүү.

Азыркы убакта ирак тарап менен бирдикте узак убак бою жүргүзүлүп келген иш-чаралар комплексинин алкагында балдарды - пенитенциардык жазаны өтөп жаткан жана Ирак Республикасынын атайын мекемелеринде кармалган Кыргыз Республикасынын жарандарын репатриациялоо маселеси боюнча иштер жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарынын укуктарын коргоого багытталган бул гуманитардык миссияны баса белгилөө зарыл.

Ушул максатта 2021-жылдын февралынын аягында гуманитардык миссия менен Ирак Республикасына Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ жөнөтүлгөн, алар тарабынан даярдоо иш-чаралардын комплекси, ошондой эле мекенине балдарды кайтаруу үчүн укуктук шарттарды түзүүгө тиешелүү документтерди тариздөө жүргүзүлөт.

Учурда сапарга барган топтун иши аяктоо стадиясында турат".

Пикир

Оставить комментарий