• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тышкы иштер министрлиги сырттан келип жаткан жардамдар тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев сырттан келип жаткан жардамдар тууралуу айтып берди.

Ал пандемия башталгандан бери өнөктөш мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан жардам келип жатканын белгилеп өттү.

"Эфирге берилген кыска убакыттын ичинде Кыргыз Республикасына берилген бардык жардам тууралуу айтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан алардын орчундуулары тууралуу айтып берсем. Вирус жайыла баштаган биринчи күндөн тартып Россия тарабынан 110 миң ПЧР-тест, 1 миң 875 даана реагент акысыз түрдө берилди. Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүлөүнүн негизинде 3-июлда россиялык дарыгер жана адистердин иш сапары болуп өттү. Алар өлкөдөгү эпидемиологиялык абал менен таанышып, биздин Саламаттык сактоо министрлигине өзүнүн консультацияларын беришти. Андан тышкары 22-июлда Россиянын Коргоо министрлигинин аскер дарыгерлери Кыргызстанга келди. Алар жасалма дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметрлерди жана башка жабдыктарды өздөрү менен ала келишкен. Бүгүн эртең менен Россиянын Башкортостан Республикасынан медициналык топ келди. Кытай Эл Респубикасынын өкмөтү тарабынан да эки гуманитардык жардам берилди. Биринчи жүк 10-апрелде, ал эми экинчиси 11-майда Кыргызстанга келген. Гуманитардык жардам катары экспресс-тесттер, медициналык халаттар, термометрлер, коргоочу көз айнектер, медициналык колкаптар, беткап жана башка жеке коргонуучу каражаттар берилген. Кытай Эл Республикасынан тышкары өкмөттүк түзүмдөр, аймактар, кытайлык ири компаниялар өздөрүнүн жардамын беришти: алардын катарында Кытайдын бир катар мамлекеттик министрликтери жана мекемелери, Синьцзян-Уйгур автономдук району, бир нече провинцияларынын улуттук өкмөттөрү, Фошань, Үрүмчү, Шанхай шаарларынын мэриялары, "Alibaba", "Huawei", "Junda", "Coscо" "China MehecoCo." компаниялары, "Jack Ma" фонду жана башка көптөгөн башка компаниялар бар. Кыргызстандын президентинин Түркия Республикасынын президенти менен болгон сүйлөшүүдөн кийин 15-июлда Бишкекке Түркиядан жардам келгени маалымдалган. Жардам катары жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору, ПЧР-тест комплекттери, жеке коргонуучу каражаттар келген. Ошондой эле коңшу мамлекеттер Казакстан менен Өзбекстан Республикасынан да жардамдар келгенин баарыбыз билебиз жана ыраазычылык билдиребиз. Казакстан Республикасынын өкмөтү тарабынан 5 миң тонна ун берилген. Ал ун 29-апрелден тартып 2-майга чейин Кыргызстандын ар бир аймагына жеткирилди. Өзбекстан Республикасынын өкмөтү тарабынан беш партия жүк жөнөтүлгөн. Анын ичинде жеке коргонуучу каражаттар, азык-түлүк, дары-дармек жана ар кандай жабдуулар берилди. Андан тышкары өнөктөш, Кыргызстан менен достук мамиледеги мамлекеттер жардам беришти: Япония, Корея Республикасы, Америка Кошмо Штаттары, Канада, Венгрия, Германия, Швейцария, Бельгия, Сауд Араб Падышалыгы, Бириккен Араб Эмирлиги, Катар, Кувейт, Пакистан, Иран, Индия жана башка бир топ мамлекеттерден гуманитардык, техникалык, медициналык жардам келди. Эл аралык уюмдардан келген чоң жардамды дагы өзгөчө белгилеп кетким келет. БУУнун системасына кирген уюмдардан, программалардан, фонддордон - БУУнун Өнүгүү прогаммасынан, Эл аралык саламаттык сактоо уюмунан, БУУнун Балдар фондунан, Калк фондунан, Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинен, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынан, Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынан, Эл аралык эмгек уюмунан, БУУнун Аялдар структурасынан, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан, Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунан жардамдар келди. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан дагы чоң жардам берилип жатат. Алар тараптан бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий