• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тышкы иштер министрлиги Түркия элчисин Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлоого чакырды

Саясат 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчи Жеңгиз Камиль Фыратты сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырды.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, бүгүн, 6-июнь күнү Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камиль Фырат Тышкы иштер министрлигине чакырылган.

"2019-жылдын 5-июнунда Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик талашты жөнгө салуу боюнча КРнын укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчи Жеңгиз Камиль Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына министрликтин нотасы тапшырылды", - деп билдиришти министрликтен.

Министрлик элчини өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырган.

Пикир

Оставить комментарий