• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын элчиси менен жолугушуу болду

Саясат 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-июнь күнү Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын Кыргызсандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушуу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда жогорку деңгээлдерде сапарларды уюштуруу маселелери талкууланган.

Ошондой эле жолугушуу учурунда тараптар эки мамлекеттин чек ара аймактарында жашаган жашоочуларынын ортосунда чыр чыгарууга багытталган чагымчыл маалыматтарды жайылтууга жол берилбеши керектигин белгилешкен.

“Министрлик туруктуулукту жана улуттар аралык ынтымакты камсыз кылууда ыраттуу иш алып баруу, чек ара боюнча туура жана так маалымат берүү жана чагымчыл материалдарды таратууга катыштыгы бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий