• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери согуштун ардагерлерин куттуктады

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Бүгүн Жеңиш күнүнүн утурлай жакшы салт боюнча КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине куттуктап жана белектерди тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жеңиш үчүн жанын берген он миңдеген кыргызстандыктардын аскердик эрдиги, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы ар дайым азыркы жана кийинки муундарга үлгү болуп кала берет.

Тышкы иштер министрлигинин жамааты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктап, чың ден-соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалайт.

Пикир

Оставить комментарий