• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тышкы иштер министрлигинин өлкөдөгү кырдаал боюнча билдирүүсү

Саясат 0

Бишкек, 16.10.20 /Кабар/. Акыркы күндөрдө Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү таратты.

Төмөндө кайрылуунун толук тексти келтирилген:

“Бардык дүйнө коомчулугу соңку күндөрдө Кыргыз Республикасындагы окуяларга дыкат байкоо салып турду.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Кыргыз тарап шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө, ошондой эле эл аралык, анын катарында КМШнын, ЖККУнун, ШКУ, ДИАУ/КЕКУнун, ТүркПАнын, ТМКБнын жана башкалардын байкоочу миссияларын жөнөтүүдө көрсөтүлгөн техникалык көмөгү үчүн эл аралык өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирет.

Тилекке каршы шайлоо процессинин бузулушу, фальсификациялар, добуштарды сатуу жөнүндө саясий партиялардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо кара такка айланды.

Мунун баары Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарындагы баш аламандыктан 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнүндө акыйкат элдик толкундоого айланды. Укук коргоо органдары тарабынан көздөн жаш агызуучу газдар, жарык-үн берүүчү гранаттар, резина октору колдонулду. Жарандык калктын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасынан 1200 чамасындагы адамдар ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алды, алардан 120сы оор абалда, бир адам каза болду.

Шайлоого катышкан көпчүлүк саясий партиялардын өкүлдөрү да ошол угузулган добуш берүүнүн натыйжаларын четке какты. Коомчулуктун кысымы астында Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүү боюнча Борбордук комиссия 6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныды. Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын премьер-министри К.Боронов жана Жогорку Кеңештин (Парламенттин) спикери Д.Жумабеков отставка беришти.

Ошол учурдан тартып өлкөнүн бардык алдыңкы саясий күчтөрү жана жаштары өздөрүнүн күч-аракеттерин жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, коомдогу туруктуулукту сактоого, эскалацияга (күчөп кетүүгө) жол бербөөгө жана эң башкысы, өлкөдөгү бардык саясий процесстерди тездик менен укуктук нукка кайтарууга багыттап бириктирди.

13-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иштеп жаткан курамы тарабынан төрага (Парламенттин спикери) шайланды, ал андан ары Кыргыз Республикасынын легитимдүү ϴкмөтүнүн түзүлүшү үчүн негизди түздү.

14-октябрда Жогорку Кеңеш КРнын премьер-министр кызматына С.Жапаровдун талапкерлигин, ошондой эле ϴкмөттүн курамын бекитти. Ошол эле күнү президент С.Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын премьер-министрин жана өкмөтүнүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

15-октябрда Президент С.Жээнбеков өзүнүн отставкага кетүү чечимин жарыялады.

Азыркы убакта ички саясий кырдаал укуктук нукка кайтышы менен Кыргыз Республикасынын ϴкмөтү, бардык мамлекеттик жана администрациялык органдар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну улантуу менен штаттык режимде иштеп жатат. Тышкы иштер министрлиги, анын ведомствосуна караштуу уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери иштерин, анын катарында саясий, соода-экономикалык кызматташуу жана чет мамлекеттердеги КР жарандарынын укуктарын жана таламдарын коргоо маселелери боюнча иштерди да кадимки режимде жүзөгө ашырууда.

Кыргыз Республикасы өлкө жана эл үчүн болгон бул оор күндөрдө колдогондору үчүн бардык эл аралык коомчулукка, регион боюнча өзүнүн дос жана бир тууган кошуналарына, стратегиялык өнөктөштөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирет.

Акыркы күндөгү окуялар Кыргызстандын эркиндикти сүйгөн эли биздин өлкө демократия жолун бурбай турганына жана адам укуктарын коргогон жана сыйлаган укук үстөмдүгүнүн принциптерине ылайык өз өнүгүшүн улантарына башкы гарант болуп саналарын дагы бир жолу тастыктады.

Кыргыз Республикасы бардык өзүнүн эл аралык милдеттемелерин толук карманарын жана мурда кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди, макулдашууларды катуу тартипте аткарарын билдирет.

Ошол эле убакта кыргыз тарап өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен достук өз ара мамилелерди өнүктүрүүдө, инвесторлордун укуктарын коргоодо жана Кыргызстандын аймагында турган чет өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда үзгүлтүксүздүктү сактоону карманарын тастыктайт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий