• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тышкы миграция жосундарына каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу демилгеси көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште бир катар улуттук мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган “Тышкы миграция жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, азыркы учурда чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде алардын Кыргызстандын аймагында жүрүүгө мыйзамдарда белгиленген негиздери болбосо, өлкөнүн чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө мүмкүндүк берүүчү ченем колдонуудагы «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамда камтылбай калган.

Мыйзам долбоору аркылуу КР Өкмөтүнүн чечими менен соттолгондорду Кыргызстандын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар менен мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматынын органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо сунушталууда.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу менен, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун да жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Депутат Дастан Бекешев оор кылмыш эмес, жеӊил-желпи эле жосун жасаган чет өлкөлүк жарандардын биздин өлкөнүн аймагына кирүүсүнө 10 жылга чейин тыюу салуу чарасы ашыкча болорун белгиледи. Анын пикиринде, бул мөөнөттү азайтып, мыйзамдык катаал чараларды жеӊилдетүү зарыл.

Ал эми депутат Экмат Байбакпаев чет өлкөлүк эмгек мигранттарына салынган 30 миӊ сом төлөмдү 1 миӊ долларга чейин көтөрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондо кыргыз жарандарынан жумушчу орун талашкан тышкы эмгек мигранттарынын жана алар тарабынан жасалган кылмыштардын азаюсуна өбөлгө түзүлөт.

Андан тышкары, Каржы министрлигинин өкүлү мыйзам ишке кирсе, бюджеттен кошумча 400 миӊ сом талап кылына турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий