• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт — Жапаров

Президент 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүү аземинде.

Ал өз сөзүндө өлкөнүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу стабилдүүлүк, алыскы жана жакынкы коңшулар менен ынтымакта болгон жагдайда гана ырааттуу түрдө ишке аша тургандыгын билдирди.

"Кыргызстандагы саясий окуяларга кылдат байкоо салып, олку-солку кылган окуяларга чын дилден кабатырлануусун билдирген, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Россияга, терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да кыргыз калкына ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт", - деди Садыр Жапаров.

Бул өлкөлөр менен тамырыбыз менен тарыхыбыз да жалпы, тагдырыбыз да жалпы деген Жапаров, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, экономикалык жана маданий байланыштарды улантуу – тышкы саясатыбыздын приоритети экендигин айтты.

"Бул саптагы мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн жана Түркияны кошо кетүүнү туура көрөм. Дүйнөлүк саясатта жана экономикада ойногон ролу күн санап өсүп жаткан улуу коңшубуз Кытай Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына эң жагымдуу таасирин тийгизүүнү улантат деп ишенебиз. Көп кылымдык коңшулук алаканы өз ара пайдалуу кызыкчылык үчүн колдонууга умтулуп, ал тажрыйбаны улам арттырып, жылдан-жылга байытып жүрүп отурушубуз керек. Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт. Эгемен Кыргызстан Америка, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулат. Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразиялык Экономикалык Союз, Түрк мамлекеттер Кеңеши жана башка эл аралык уюмдарда эл аралык милдеттенмелерин татыктуу улантат деп ишендирем", - деди өз сөзүндө Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий