• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тышкы жарнамадагы каталар менен айыптар аркылуу гана күрөшүүгө болот – Малмекеттик тил боюнча улуттук комиссия

Коом 0

Бишкек, 20.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Тышкы жарнамадагы грамматикалык жана лексикалык каталар менен айып салуу жолу менен гана күрөшүүгө болот. Мындай позициясын “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында комиссиянын котормо бөлүмүнүн алдыңкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу айтты.

Ал туура эмес которулган, ошондой эле мазмунунда стилистикалык каталары бар тышкы жарнама маанилүү маселе экенин белгиледи. Себеби калктын сабаттуулугун чагылдырат.

“Жарнамалык маалыматтын мазмунун жөнгө салуу менен монополияга каршы орган, ошондой эле “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы алектенет. Ошол эле учурда биринчи орган айыптарды сала алат, ал эми экинчиси уруксат кагаздары жок жарнамалык көрнөктөрдү алып сала алат”, - деп түшүндүрдү ал.

Мамкомиссия сабатсыз жарнама маселесин чечүү үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Анда мыйзам ченемдери бузулган шартта катышы бар жактарга санкцияларды киргизүү каралган.

Адистин айтымында, мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат.

Пикир

Оставить комментарий