• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТЖМда 3 ири долбоорду каржылоо келишимине кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлигинде 5-апрелде Ислам өнүктүрүү банкы менен жалпы суммасы 80 млн сомдук ири долбоорлорго насыя берүү келишимине кол коюлду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматы боюнча, келишимге 5-6-апрелде өткөн Ислам өнүктүрүү банкынын Тобунун өлкөлүк семинарынын жүрүшүндө кол коюлду. Ага КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, КР Улуттук банкынын жана негизги министрликтердин маморгандардын 40тан ашык өкүлү катышты.

“Банк жаңы 3 долбоорду жактырды. Анын ичинде Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун тилкесин куруу, Сарымсак ирригация схемасын өнүктүрүү жана суу менен камсыздоо жана санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу долбоорлору бар. Бардык насыялык келишимдерге кол коюлду. Учурда КР Өкмөтү бул насыялык келишимдерди ратификациялоо процедураларын аяктап жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий