• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

U-23 Азия чемпионаты: Бүгүн Айпери менен Мээрим килем үстүнө чыгат

Спорт 0

Бишкек, 24.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 24-июнда Бишкектеги 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы күчүн сынайт.

Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта алгач индиялык Аржу аттуу кыз менен күрөшсө, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта монголиялык Сарнай Баярбаатар менен күчүн сынайт.

Кыз-келиндер арасындагы мелдештин баары айланма түрүндө болот, башкача айтканда, спортчу ар бир атаандашы менен күрөшүп чыгат. Жыйынтыгында ким атаандаштарын жеңип, көп упай топтогон болсо жеңиш ага ыйгарылат.

Эскерте кетсек, Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө.

Кечээ, 22-июнда U-17 Азия чемпионаты жыйынтыкталып, кыргыз балбандары жалпы 13 медаль жеңди. h

Ал эми U-23 Азия чемпионаты кечээ, 23-июнда башталып, 26-июнга чейин уланат. U-17 жана U-23 Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий