• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

U-23 Азия чемпионаты: Кыргыз кыздары сегиз медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 25.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Бишкектеги 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында сегиз медаль утту.

U-23 Азия чемпионатында Кыргызстандын куржунуна эки алтын, үч күмүш жана үч коло медаль топтолду:

1-орун — Мээрим Жуманазарова (68 кг);

1-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);

2-орун — Бермет Нуридин кызы (62 кг);

2-орун — Дильназ Сазанова (65 кг);

2-орун — Нурзат Нуртаева (72 кг);

3-орун — Арууке Кадырбек кызы (55 кг);

3-орун — Кальмира Билимбек кызы (57 кг);

3-орун — Сезим Жуманазарова (59 кг).

Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө 179 упай топтоп, экинчи орунга татыды. Ал эми биринчи орунга Индия, үчүнчүгө Казакстандын курамасы жайгашты.

Эскерте кетсек, Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Ал эми 22-июнда U-17 Азия чемпионатынын бардык таймаштары жыйынтыкталып, кыргыз балбандары жалпы 13 медаль жеңди. U-23 Азия чемпионаты 23-26-июнга чейин уланат.

Кечээ, 24-июнда грек-рим күрөшү боюнча мелдеш аяктап, Кыргызстан 9 медаль топтоп, жалпы командалык көрсөткүчтө биринчи орунга илинди. U-17 жана U-23 Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий