• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УӨ мүчөлөрү ушактарды төгүндөө үчүн миллиондуу кирешелери кайдан келгени тууралуу документтерди көрсөтүүсү керек – саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Башкы прокурорго өзүнүн Измирдеги (Түркия) ишканасын 35 млн долларга сатканы тууралуу документти көрсөтүп туура кылды. Мындай пикирин саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, келишим тууралуу маалымат Түркия Республикасынын тийиштүү маалымат бюллетенинде 2003-жылы 31-январда жарыяланган.

“Ошентип, аталган материал Ө.Текебаевдин Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн акчасы 2010-жылдан кийин гана пайда болгон деген билдирүүсү ушак экенин дагы бир ирет документ түрүндө далилдеди”,-деди басма сөз кызматынан.

“Бирок, эмне үчүн өз киреше булактарын Атамбаев гана далилдеши керек? – деп суроо салды Президент. – Ө.Ч. Текебаев, ошондой эле анын бир катар партиялаштары жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү дагы өздөрүндө жана жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон көп миллиондуу кирешелери тууралуу маалыматтарды берүүгө тийиш. Муну Президент менен жолугушууларда 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында курман болгондордун ата-энелери менен балдары, ошол кезде оор жаракат алган жарандар талап кылып жатышат. Муну өлкө коомчулугу талап кылып жатат! Башкы прокуратура Жазык кодексинин мыйзамсыз баюу тууралуу тийиштүү беренелерин эске алууга тийиш», - деп белгилеген Мамлекет башчысы.

Б.Бакетаевдин пикири боюнча, бул саясатчылар жана убактылуу өкмөттүн (УӨ) мүчөлөрү үчүн жакшы үлгү болуп саналат.

“Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген жакшы сөз бар. Бирок, бүгүнкү күндө бул макал бурмаланган. Анткени, бары эле “сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деп башташат. Мамлекет башчысы абдан туура үлгү көрсөтүп, мен жасагандай жаса, антпесең жаман болот дегенди туюндурду. Мен башкаларга миллиондуу кирешелери кайдан келгенин тез арада коомго билдиргиле деп кеңеш берет элем. Анткени, көп ушактар айтылып жатат”,-деди Б.Бакетаев.

Өз кезегинде, коомдук ишмер Миталип Мамытов эгер Алмазбек Атамбаев далил документтерди көрсөтсө, башкалар дагы анын жолун жолдоп, көрсөтүшү керек деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий