• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

U23 Дүйнө чемпионаты: Акматалиев алгачкы атаандашын 10 упай айырмасы менен утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 05.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев бүгүн, 5-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын утуп алды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында грециялык Христос Христофоридистин белине кирип, эки-үч ирет айлантып, 12:2 эсебинде жеңишти илип кетти.

Аталган күрөш боюнча таймашта кыз-келиндер арасында Айпери Медет кызы алтын медалга татыган.

Эскерте кетсек, буга чейин Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Эрназар Акматалиев күмүш медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий