• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Уагадугудагы түрк ресторандагы кол салуудан 17 киши мерт кетти

Дүйнө 0

БИШКЕК, 14.08.17 /Кабар/. Буркина-Фасонун борбору Уагадугудагы чет элдиктер арасында белгилүү түрк ресторанына кол салуу болуп, кеминде 17 киши мерт кетти.

Батыш африкалык мамлекеттин бийлиги бир нече улуттун өкүлдөрү өлгөнүн, алардын арасында бир француз бар экенин маалымдады. Кол салуудан 8 киши жабыркаган.

Reuters агенттинин кабарлашынча, куралчан үч киши автоунаа менен ресторанга келип, тышта эс алып отургандарга автоматтан ок чыгарган. Окуя болгон жерге полиция жана аскер кызматкерлери тартылып, атышуу маалында кылмышкерлер өлтүрүлдү.

Буркина-Фасо бийлиги кол салууну “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары менен байланыштырууда.

2016-жылы январда Уагадугунун ушул эле көчөсүндө жайгашкан кафе менен мейманканадан 170 киши барымтага алынган, алардын 30у өлтүрүлгөн. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Аль-Каида" алган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий