• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УАМ согушта курман болгон Борошевдин уулуна атасынын жеке буюмдарын өткөрүп беришти

Коом 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жана дайынсыз деп эсептелген кыргыз жоокер Балтабай Борошевдин жеке буюмдары анын уулу Жээнбай Балтабаевге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эске сала кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-июнунда Москвага жумушчу сапарынын алкагында «Обелиск» издөө отрядынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Алар Мамлекет башчысына Ош облусунун Алай районунан Улуу Ата-Мекендик согушка аттанган жана майданда дайынсыз болуп кеткен Балтабай Борошевдин 2006-жылы табылган жеке буюмдарын өткөрүп беришкен.

Кыргыз жоокердин сөөгү Смоленск облусунда Бекрино айылынын жанынан табылып, Овсянники айылындагы Эскерүү талаасына кайрадан коюлган.

Жоокердин жеке буюмдарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргызстандагы «Наша Победа-Биздин Жеңиш» деген издөө кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптевага өткөрүп берген.

Ал бүгүн, 20-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун катышуусу менен жоокер Балтабай Борошевдин медальонун, курунун кемерин жана «Өлбөстүккө кадам» («Шагнувши в бессмертие») медалын анын уулу Жээнбай Балтабаевге тапшырды.

Жоокердин уулу Улуу Ата Мекендик согуш жылдары курман болгон кыргызстандыктардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу маселелерине көңүл буруп жатканы үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

Ал москвалык «Обелиск» издөө отрядынын мүчөлөрүнө да ыраазычылык билдирип, алардын улуу иш жасап жатканын — курман болгон жоокерлердин сөөктөрүн таап, алардын ысымдарын тактап, буга чейин дайынсыз болуп келген баатырлар жөнүндө даңазалуу тарыхты алардын урпактарына кайтарып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий