• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УБ кыргызстандыктарга криптовалюталарды колдонууда мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу эскертет

Экономика 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/.Улуттук банк кыргызстандыктарга криптовалюталарды колдонууда мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу эскертет.

Финансылык жөнгө салуучу орган жалпыга маалымдоо каражаттарында криптовалюталар/виртуалдык активдер жана аларды колдонуу аркылуу пайда көрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат кеңири тарагандыгына байланыштуу, төмөндө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу эскертет:

1. Камсыздоонун жоктугу менен байланыштуу тобокелдиктер, анткени материалдык камсыздоонун жоктугунан, адатта, криптовалюта/виртуалдык активдер боюнча эч ким жоопкерчиликти өзүнө албайт.

2. Криптовалюталардын/виртуалдык активдердин реалдуу наркынын жоктугу, алар кандайдыр бир валютага же башка бир активге байланыштырылбайт, бул алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү болушун жана наркын жоготуп коюу тобокелдигинин жогору болушун шарттайт.

3. Криптовалюталар/виртуалдык активдер менен эсептешүүдө алардын өзгөчөлүктөрүнөн келип чыккан тобокелдиктер, анын ичинде аларды контролдоочу борбордун жана контролдоочу органдын жоктугу.

Ушул себептен, КР Улуттук банкы криптовалюталар/виртуалдык активдерге инвестициялоодо жана алар менен операцияларды жүргүзүүдө сак болууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий