• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 15-февралда аяктайт

Коом 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылдын 10-июнунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралында бүтөрүн эскертет. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

“Буга байланыштуу ар кандай кыйынчылыктарга кабылбоо үчүн «убактылуу» айдоочулук күбөлүктү 2020-жылдын 15-февралына чейин алмаштырууну суранабыз”,- деп айтылат маалыматта.

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Бишкек шаары боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар Бишкек шаары Ч.Валиханов 2 дарегинде («Аю Гранд» гипермаркетинин аймагында), ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү берүү М.Ауэзов 1/5 дарегинде жайгашкан төртүнчү калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий