• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 10-июнунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Бишкек шаары боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар Бишкек шаары Ч.Валиханов 2 дарегинде («Аю Гранд» гипермаркетинин аймагында), ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү берүү М.Ауэзов 1/5 дарегинде жайгашкан төртүнчү калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда колдонуудагы (эски үлгүдөгү) айдоочулук күбөлүк мөөнөтүнүн аягына чейин жарактуу болоорун баса белгилеп, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жарандардын өз каалоосу менен жүргүзүлө тургандыгын билдиребиз. Аталган дарек боюнча айдоочулук айдоочулук күбөлүктөрдү берүү 28-29-декабрда (ишемби, жекшемби) саат 9:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Унаа мекемесинин даректери жана иштөө графиктери:

Бишкек шаардык бөлүмү Бишкек шаары, Чокан Валихановкөчөсү, 2 (транспорттук каражаттарды каттоо). Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуусуз;

Лебединовка айылы, Победа проспекти, 121 б (айдоочулук курамды каттоо). Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Бишкек шаардык бөлүмүнүн региондор аралык секторуВоенно-Антоновка айылы, "Риом-авто" унаабазары. Бейшемби - Дүйшөмбү (иш күн), Шейшемби – Шаршемби (Дем алыш) 08:30 - 17:30 тыныгуу 12:00-13:00;

Аламүдүн бөлүмү Төмөнкү-Ала-Арча айылы, Школьный, 7а чакан көчөсү. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуусуз;

Сокулук-Москва бөлүмү Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 1. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Жайыл-Панфилов бөлүмү Кара-Балта шаары, Жайыл-Баатыр көчөсү, 127 Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00

Ысык-Ата бөлүмү Кант шаары, Советская көчөсү, 8 Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Чүй-Кемин бөлүмү Токмок шаары, 1 мкр. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Баткен региондук бөлүмүнүн Баткен сектору Баткен шаары, Раззакова көчөсү, 77. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Баткен региондук бөлүмү Кызыл-Кия шаары, Масалиев көчөсү, н/ж. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Сүлүктү бөлүмү Сүлүктү шаары, Раззаков көчөсү, н/ж. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Жалал-Абад региондук бөлүмү Жалал-Абад шаары, Шопоков көчөсү, 32. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуусуз;

Жалал-Абад региондук бөлүмүнүн Токтогул сектору Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 11. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Жалал-Абад региондук бөлүмү Кара-Көл сектору Кара-Көл шаары, Ленин көчөсү, 1а. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Жалал-Абад региондук бөлүмү Аксы сектору Кербен шаары, Осмонов көчөсү, н/ж. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Жалал-Абад региондук бөлүмү Ноокен сектору Кочкор-Ата шаары, Фрунзе көчөсү, 38а. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Каракол бөлүмү Каракол шаары, Карасаев көчөсү, 1а. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Балыкчы бөлүмү Балыкчы шаары, Ж.Абдрахманов көчөсү, 25.Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Нарын региондук бөлүмүнүн Нарын шаары, Кулумбаев көчөсү, 23. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Нарын региондук бөлүмүнүн Жумгал сектору Чаек айылы, Э. Матыев көчөсү, 123. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Нарын региондук бөлүмүнүн Кочкор сектору Кочкор айылы, С. Орозбак көчөсү, 178. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00

Ош шаардык бөлүмү Ош шаары, Касымбеков көчөсү, 30. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуусуз;

Ош региондук бөлүмү Ош шаары, Навои көчөсү, н/ж. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуусуз;

Ош региондук бөлүмүнүн Алай сектору Гүльчө айылы, Ленин көчөсү, 86.Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00;

Өзгөн бөлүмү Шералы айылы, Акматов көчөсү, н/ж. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00

Талас региондук бөлүмү Талас шаары, Э.Мадиев көчөсү, 2. Дүйшөмбү - Жума 08:30 - 17:30, тыныгуу 12:00 - 13:00.

Пикир

Оставить комментарий