• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Убактылуу кармоо жайынан качып кеткен 4 адам изделүүдө – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.17. /Кабар/. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайынан качып кеткен төрт адамды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун ИИБнин убактылуу кармоо жайынан бүгүн, 27-ноябрда болжол менен таңкы саат 6 чамасында төрт киши качып кеткен. Качып кеткен адамдар карактоо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыпталгандар.

Учурда аларды издөө иштерине Чүй ОИИББдин жеке курамы жана ИИМдин ыкчам кызматы тартылган

Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча "Перехват" планы жарыяланып, качып кеткендерди издөө үчүн атайын ыкчам-издөө иш-чарасы жүргүзүлүүдө.

Милиция качып кеткен жарандар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондорго чалып, маалымат берүүнү суранат; - 0 312 43-88-91, 43-88-85, ИИМдин нөөмөт бөлүмү жана 0 312 662331.

Аталган факты боюнча материалдар окуяга юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий