• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Убактылуу кармоо жайынан качып кеткендердин экөө кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 28.11.17./Кабар/. Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан Бишкектин аймагында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайынан качып кеткендердин экөө кармалды,-деп билдирет КР ИИМнин басма сөз кызматы.

Сокулук районунун ИИБнин убактылуу кармоо жайынан качып кеткен төрт адамды издөө боюнча атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында экөө колго түшкөн.

1) Базаркулов Рамиль Муктарбекович - 1979-жылы туулган, Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. КР Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык камалган.

2) Дилдешов Бакыт Чыныбекович – 1979-жылы туулган. Талас облусунун тургуну. КР Кылмыш жаза кодексинин 168-беренесине (Карактоо) ылайык кармалган.

Калган эки качкынды кармоо боюнча тиешелүү аракеттер көрүлүп жаткандыгы маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий