• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Убактылуу жеңилдетилген тариф менен ак кантты импорттоо үчүн кандай документтер керек? Тизме

Экономика 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги убактылуу жеңилген тариф менен ак шекерди жана чийки шекерди импорттоо үчүн керектелүүчү документтердин тизмесин жарыялады.

Төмөндө керектүү документтердин тизмеси:

- байланыш маалыматтары менен бланктагы арыз;

- уставдын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү;

- ак кантты, иштетилбеген кантты жеткирип берүүгө контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- контракт боюнча төлөнгөнүн же контракт боюнча товардын жүктөп жөнөтүлгөнүн ырастоочу документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги жөнүндө декларациянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген кантты максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенме;

- документтер өкүлү аркылуу берилген учурда - ишеним кат, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;

- байлагыч (скорошиватель).

"Кошумча маалымат алуу үчүн Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнө кайрылыңыздар, телефон номерлери: +996312623644, +996997777384, +996999766655", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий