• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ucell: Гүлнара Каримова компаниянын акцияларына ээлик кылбайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Гүлнара Каримова Ucell компаниясынын акцияларына ээлик кылары, азыр аны башка адамдар башкарып жаткандыгы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин интернетке Гүлнара Каримованын балдарынын каты жарыяланган. Анда апасы Ucell компаниясынын акцияларына ээлик кылары, бирок азыр аны мамлекет эмес, башка адамдар башкарып жатканы жазылган.

Компания буга жооп катары Ucell бренди менен иштеген мобилдик оператор азыр 100% мамлекетке таандык экенин билдирди. Маалыматка караганда, Өзбекстан 2018-жылы декабрда Швеция өкмөтүнүн үлүшү бар Telia ишканалар тобунан COSCOM (Ucell) компаниясын 215 миллион АКШ долларына сатып алып, дагы 485 миллион долларды компаниянын карыздары үчүн төлөп берген.

Билдирүүдө сатып алуу учурунда бир нече өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары компанияда Каримованын акциялары жок экенин аныктаганы белгиленген.

Басма сөз кызматтын билдирүүсүнд: «Компанияны сатып алуу бир нече өлкөнүн юридикалык, каржылык жана көзөмөлдөө талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө компания 100% мамлекетке таандык жана ийгиликтүү башкарылууда», -- деп жазылган.

Пикир

Оставить комментарий