• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Учак арман": Каримова “Боинг-747” учагынын курмандыктарына арнап ыр чыгарды

Коом 0


Бишкек, 16.01.18. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Самара Каримова Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-СУ айылында түрк жүк ташуучу “Боинг-747” учагы кулаган жерде каза болгондордун элесине арнап ыр чыгарды. Чыгарма “Учак арман” деп аталып, сөзүн Жыпара Акунова, обонун Адыл Мирзобаев жазган.

Белгилей кетсек, каргашалуу окуяга туура бир жыл болду. Ага байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 13-январында Дача-СУ айылында учактан каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс ачылды.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing-747-400F учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача-СУ айылында кыйроого учураган. Ал Гонконг-Стамбул багыты боюнча бара жаткан.

Авиакырсыктын кесепетинен 39 адам, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жарандары каза болгон. 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий