• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Учак кырсыгы: Президент Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге жана казак элине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын элине учактын кулашынан улам адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Казакстан Республикасынын Алматы-Нур-Султан аба каттамындагы кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм.

Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм», — деп белгиленген көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий