• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Учакка эки мүнөт кечиккен жүргүнчү Эфиопиядагы кырсыктан аман калды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Грециянын жараны Антониос Маврополулос Эфиопияда кыйраган учакка эки мүнөткө кечигип келип, аман калган. Бул тууралуу бир катар чет элдик ММКлар жазып чыккан.

“Мен учакка элдер кирип жаткандыгын көргөн. Бирок мен 2 мүнөткө кечигип калгандыгымдан мени киргизбей коюшкан. Мен буга абдан жиним келген”, - деп билдирген Маврополулос.

Ал кырсык болгондон кийин, полиция кызматкерлери аны дароо кармап кеткендигин билдирген. “Менин жүгүм өзүмдүн жанымда болгондуктан, мени көпкө кармабай, дароо кое беришкен”, - деп бөлүшкөн.

Эске сала кетсек, Эфиопияда учак кырсыкка учурап, борттогу 157 кишинин баары мерт болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча Ethiopian Airlines компаниясынын учагында 33 өлкөнүн, анын ичинде Орусия, Канада, АКШ, Италия, Кытай, Франция жана Улуу Британиянын жарандары болгон.

Курман болгондордун 149у – жүргүнчү, 8и – экипаж мүчөсү. Эфиопия премьер-министри маркумдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек. Учак Бишофту жанар тоосуна жакын Дебре Зейт шаарынын четине кулаган.

Бул 2019-жылдагы эң ири авиакырсык катары эсептелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий