• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Участкадан тышкары 12 миңдей шайлоочу добуш берди — Шайлдабекова

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кечээ участкадан тышкары 12 миңдей шайлоочу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышты. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 27-ноябрда, Кыргызстанда участкадан тышкары добуш берүү өттү.

“Участкадан тышкары партияларды шайлоого катышуу үчүн жалпы 13 миң 481 арыз түшкөн. Анын ичинен 12 миң 137 жаран тандоосун жасады. Ал эми бир мандаттуу округдар боюнча жалпы 13 миң 2 арыз келип, анын ичинен 11 миң 612 адам шайлоого катышты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Пикир

Оставить комментарий