• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Учитель" чокусунда кулап каза болгон россиялык туристтин сөөгү тоодон түшүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында "Учитель" чокусунан түшүп келе жатып кулап каза болгон россиялык туристтин сөөгү тоодон түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-августта Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында "Учитель" чокусунан Россия Федерациясынын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-жылы туулган Е.А. аттуу эркек киши кулап, каза болгон.

Жерине КР ӨКМнин Эдельвейс куткаруучулар тобунан 6 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган Н.К. жабыр тарткан эмес.

Пикир

Оставить комментарий