• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Учкай маалымат! Тажикстан Достук айылын миномет менен аткылады

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 17-сентябрында саат 11:15ке карата тажик тарап Баткен районунун Достук айылын миномет менен аткылап жатат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажик тарап үч минометтук эсептен айылга ок чыгарган.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүктөрү душмандын чабуулунун мизин кайтарууда.

Чек арадагы кырдаал курч бойдон калууда.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Кечээ, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын 136 миңден ашык тургундары коопсуз жерге эвакуацияланды.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 103 кыргызстандык жабыркап, 24 кыргызстандык (Достук айылынын 15 жаштагы Э.М. аттуу тургуну) мерт кетти.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан. Мындан сырткары, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну токтотууну макулдашты.

Макулдашуудан кийин кыргыз тарап ок атууну токтотту, бирок тажик тарап маал-маалы менен ок чыгарган. Саат 18:30га карата жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларына кайрадан ок чыгарды.

Бүгүн, саат 08:50дөн 08:55ке чейин тажик тарап Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган. Саат 8:55те аткылоо токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий