• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин Учкун конушунда канализациянын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Учкун жаңы конушунун Учкун-9 көчөсүндө канализацияны куруу иштери улантылууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, магистралдык канализация тармагынын узундугу 2,1 чакырымды түзөт. Биринчи этапта түтүктөр тартылып бүттү, эми насостук станция курулат.

Курулуш иштерин “Арай” ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Учкун-9 көчөсүндөгү асфальттын пайдалануу мөөнөтүн жогорулатуу максатында жана жол оңдоо иштеринин алкагында канализация тартылууда.

Пикир

Оставить комментарий