• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Учуп кетти! Кыргызстан – Япония беттешинде Павел Матяш дарбазага турат

Спорт 0

Бишкек, 11.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо турунун алкагында Япониянын командасы менен беттеш өткөрөт.

Оюн 15-июнда Япониянын Осака шаарында Бишкек убактысы менен саат 16:25те болот.

Бишкектеги маалымат жыйында Кыргыз футбол бирикмесинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев Павел Матяш Японияга каршы беттешке чакырылганын айтат.

“Ал Кыргызстандын курамасынын кеңири тизмесине кирген. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин алдыдагы оюнга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Матяш 11-июнда түз Осака шаарына учуп кетти. Үч күн карантинде болот, андан кийин талаага чыгат”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, кыргызстандык дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин жана Авазбек Откеев беттештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Алар коронавируска шектелип, “сары тизмеге” кирген. Дарбазага талаа оюнчулары турушкан.

Ошондой эле футболчулар Тамирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу буга чейинки оюндарда алган эскертүү сары кагаздарынан улам Мьянмага каршы оюнга чыккан жок.

“Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 10 упайы менен экинчи орунда келе жатат.

Кыргыз футболчулар буга чейин Монголиянын командасына 0:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми Мьянманын командасына каршы оюнда 3 упай топтой алды. “Ак шумкарлар" 8:1 эсебинде атаандашын артта калтырды.

Пикир

Оставить комментарий